«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясы

ЭлТР телеканалы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыровдун мурда жасаган кылмыштары тууралуу репортаж жарыялады. Анда шектүү өз колу менен канча кызды жана кандай жол менен өлтүргөнүн көрсөтүп берген.
Маалыматтарга караганда, 41 жаштагы Кумарбектин кылмыш тарыхы 2006-жылдан башталат. Алгач ал кызды башка чаап, телефонун тартып алган, бирок айып пул төлөп, камалган эмес.
Кийинки жылдары ал бир нече аялды зордуктап, муунтуп өлтүргөнү аныкталган.
2011-жылы — Күнтуу айылы тарапта 8 айлык боюнда бар аялды зордуктап, өлтүргөн.
2014-жылы — Бишкекте эки кызды өлтүргөн. Алардын бири Раззаков көчөсүнөн, экинчиси Жал айылы тараптан табылган.
2015-жылы — дагы бир кызга кол салган, бирок ал аман калган.
Акыркы курмандыгы — 17 жаштагы Айсулуу Мукашева болгон. Шектүү аны зордуктап, муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алган.
Тергөө маалында анын айынан аман калган дагы эки кыз аны буга чейин да милицияга арызданышканын, бирок сот жеңил жаза берип, Кумарбек эркиндикке чыкканын белгилешкен.