Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди
Казакстандык авиакомпания Бишкек – Астана багытында түз каттам ачууда
16.10.2025 | 10:30

Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы Астана – Бишкек – Астана багытындагы түз каттам ачууда. Каттамдар ушул жылдын 10-ноябрынан тарта уча баштайт. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалыматка ылайык, Астана – Бишкек – Астана каттамдары жумасына 2 жолу: дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү учат.
“Бул каттамды ачуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо аркылуу туризмди, сооданы, билим берүү жана маданий программаларды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык демилгесин ишке ашырууга багытталган”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом