Ак-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу аракети учурунда каза болгон — Феликс Кулов

16.10.2025 | 10:57

Ак-Ордо” конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү адам качуу аракети учурунда өлүмгө дуушар болгон. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өзүнүн социалдык баракчасында жазды.

“Буга чейин мен кылмышка шектүүнү коштоп жүргөн кызматкерлер мыйзам чегинде иш алып барып, эскертүүдөн кийин куралын мыйзамдуу колдонушканы менен, кызматтык шалаакылыктын белгилерин жасашкан деген пикирди айткам. Ошондо менин ырастоом тергөө иш-чаралары күндүз жана ачык жерде жүрүп, шектүүнү кармоо оңой көрүнгөн маалыматтарга негизделген.

Бирок бир нече офицерлер менен сүйлөшкөндөн кийин окуянын башкача болгону белгилүү болду. Керектүү тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин шектүү Ысык-Көл облусунан Бишкекке түн ичинде алынып келинген. Алар Боом капчыгайынан чыгып баратышканда, ал «өзүн жеңилдетүү үчүн» токтоону суранган.

Аны менен кошо бир жуп менен кишенделген офицер өз колунан кишенди алып, шектүүнүн эки колуна кийгизген. Шектүү болжол менен беш метр аралыкты басып өтүп, күтүүсүздөн качып кеткен.

Окуя түнкү саат 3:00 чамасында болгон. Оперативдүү кызматкерлер жана атайын багыттагы жоокер анын артынан чуркап жетип, кайра-кайра токтотууну талап кылып, курал колдонуу ниетин эскертишкен. Бирок качып бараткан адам жооп бербей, качууну уланткан.

Андан соң спецназдын жоокери эскертүү катары асманга ок чыгарган. Мылтыкты тартканда автоматтан үч ок чыгып кеткен. Шектүү болсо тескерисинче, ылдамдыгын арттырган.

Кырдаал түн ичинде, дөңсөөлүү жана тоолуу аймакта болгондуктан абдан татаал болуп калган. Мындай шартта спецназдын жоокери бирден-бир туура чечим — шектүү тарапка ок чыгарууну кабыл алган. Тартылганда дагы үч ок чыгып, анын бири качып бара жаткан адамга тийип, аны өлтүргөн. Жалпысынан алты жолу ок атылган.

Демек, милиция кызматкерлеринин аракети толугу менен мыйзам чегинде болгон. Тилекке каршы, дароо эле жетишсиз маалыматтын негизинде окуянын объективдүү сүрөтүн түзүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Ошондуктан мен башында күзөтчүлөр шалаакылык кылгандыр деген тыянакка келгем.

Прокуратура бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, милиция кызматкерлеринин аракети мыйзам чегинде гана болгонун тастыктайт деп ишенем,” — деп жазган Кулов.

Scroll to Top