Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом жушмайт
16.10.2025 | 11:08

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 700 миллион сом каражат бөлөрүн билдирди.
Анын ичинен:
- 382,7 млн сом — БШКнын өз чыгымдарына;
- 259,2 млн сом — округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдарына;
- 58 млн сом — чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө жумшалат.
Бул шайлоо өнөктүгүндө 30 округдук шайлоо комиссиясы жана 2622 участкалык шайлоо комиссиясы (анын ичинде 100ү — чет өлкөлөрдө) иш алып барат.
Жалпысынан шайлоо процессине 25 миңден ашуун адам тартылары күтүлүүдө.