Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Парламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карады
17.10.2025 | 17:00

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев жана жетекчилиги менен жолугушту.
Элчиликтин маалыматы боюнча, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Россиянын аймагында уюштуруу маселелери талкууланды. Элчи Бөкөнтаев 31 шаарда 40 шайлоо участкасынан турган уюштуруу иштери боюнча маселелерди карады.
Ошондой эле Россиянын аймактарындагы шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен видеоконференция форматында биргелешкен кеңешме өткөрүлдү.
Жыйынтыгында россиялык тарап Кыргызстандын мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосун уюштуруу жана ийгиликтүү өткөрүүгө зарыл жардам көрсөтөрүнө ишендирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом