Баткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалды

УКМК Баткен облусунда эт жана мал-жандыктар аткезчилик менен өлкөдөн чыгарып кетүү аракети токтотулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасында бир топ жарандар тосмолорду бузуп, Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурушканы аныкталган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо бузулуп, аткезчиликке жол ачылган.
“Бул канал аркылуу 15 баш бодо малды өткөрүүгө аракет кылган 3 жаран колго түштү. Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери улантылып, бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, облус аймагында аткезчилике тиешелүү 31 жаран аныкталды”,- деп билдирди атайын кызмат.
УКМК аталган жарандарга эскертүүлөр берилип, алдын алуу иш чаралары жүргүзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле мындан ары чек ара аркылуу мал жандыктарын аткезчилик кылган жарандарга тиешелүү органдар тарабынан катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.