Бишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылууда

17-октябрда Бишкектеги айрым май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилген. Бул тууралуу Tazabek жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, «Партнернефть» май куюучу жайында бир унаага 20 литр бензин жана 50 литр дизелдик күйүүчү май гана куюуга уруксат берилүүдө. Red Petroleum май куюучу жайында бензинге чектөө жок, бирок дизелдик майга чектөө киргизилген.
“Ал эми Bishkek Petroleum жана «Газпром нефть» май куюучу жайларында азырынча эч кандай чектөө киргизилген эмес”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы учурда өлкөдөгү бензин жана дизелдин запасы болжол менен бир айга гана жетерин, айрым компанияларда болсо резервдер дээрлик түгөнгөнүн билдирген. Өкмөт кырдаалды көзөмөлдөөгө убада берүүдө, бирок базарда баанын өсүп жатат. Кыргызстандын мунай трейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов бул кырдаал боюнча Reporter.kg’ге маек берген. Аны бул жерден окуңуз.