Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
18.10.2025 | 14:24

Белгилүү балбан, дүйнөнүн эки жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий амбассадору болуп дайындалды.
Бул тууралуу оюндардын уюштуруу комитети маалымдады. Ири эл аралык иш-чара 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.
Айсулуу Тыныбекова — Токио Олимпиадасынын күмүш жана Париж Олимпиадасынын коло байгесинин ээси. Ал кыргыз спорту менен маданиятынын жүзүн дүйнөгө тааныткан эң көрүнүктүү спортчулардын бири катары белгилүү.