Ысык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза тапты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көк бөрү оюну учурунда оюнчулар ортосунда мушташ чыгып, 34 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү болжол менен саат 12:30дар чамасында көк бөрү оюну болуп жаткан маалда «Тилекмат» жана «Саруу» айылдарынын командаларынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыккан. Анын натыйжасында Тилекмат айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.А. оор жаракат алып, эсине келе албай каза болгон.
Мындан тышкары, Жети-Өгүз райондук милициясына Тилекмат айылынын 23 жаштагы тургуну Д.И. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү Жеңиш айылында өткөн көк-бөрү оюну учурунда Саруу айылынын эки тургуну аны ур-токмокко алышканын билдирген.
Бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Ден-соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү» жана «Бейбаштык» беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголгон. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр катары төрт жаран кармалып, соттун чечими менен 2 ай камакка алынышкан.