Агартуу министрлиги: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча мектеп директоруна «катуу сөгүш» берилди

15.04.2026 | 15:53

Агартуу министрлиги Нарын районунда окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бала окуган мектептин директоруна «катуу сөгүш» берилгенин билдирди.

Ошондой эле министрлик окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго тартиптик чара көрүүнү сунуштаган.

“Мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүлүп, кесиптик этика, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштери жүргүзүлдү”,- деп билдирди мекеме.

Эске салсак, кайгылуу окуя Нарын районунун Ийри-Суу айылында болгон. Облустук милициянын маалыматында, 1-апрелде Муса Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алган абалда табылган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, мектептин директорунун орун басары кармалган.

Бул окуя парламентте да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ишти көзөмөлгө алууну суранган. Депутаттын айтымында, окуучунун өз жанын кыюусуна мектепте дайыны табылбай калган 110 сом себеп болушу мүмкүн. Мектептин тарбия завучу акчаны жоголушун маркум окуучудан көрүп, аны кабинетинде суракка алган. Ушул окуядан кийин бала өз жанын кыйган. Ошондой эле депутат бул ишти жаап коюу аракети да болуп жатканын билдирген.

Scroll to Top