КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Сокулукта 7 жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилди
15.04.2026 | 15:17

Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүндө жети жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди. Башкы прокуратуранын маалыматында, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган балдардын турак жай укуктары камсыздалбагандыгы белгилүү болгон.
Прокурордук чаралардын негизинде тиешелүү органдарга балдарды жер тилкелери жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча акт келтирилген. Натыйжада 7 балага «Семетей» конушунан жер тилкелери бөлүнүп берилген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда турак жай аянтын кезексиз алууга укуктуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом