Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жок
Өкмөт 3 драма театрды оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык бөлдү
05.07.2019 | 16:22
Өкмөт 3 драма театрды капиталык оңдоодон өткөрүү үчүн 198 миллион сомдон ашык бөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июлда акча каражаттарын бөлүү чечимине кол койгон.
Эми Финансы министрлиги белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдашуусу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй финансылык каражаттарды бөлүп берет.
- 84 миллион, 605 миң 100 сом Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына;
- 97 миллион 658 миң 300 сом Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына;
- 16 миллион сом Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынына берлет.
Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын май айында Кыргыз улуттук академиялык драма жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларынын имараттарынын абалы менен таанышкан.
Рубрики: Турмуш образы