Бишкекте түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 146 жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.
“26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран”, — Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.