Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
УКМК коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан сайтты аныктады
27.03.2020 | 12:11
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деп жалган маалымат тараткан интернет сайт боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштады.
Мекеменин мааылматына караганда, «The Asia Times» маалыматтык сайты 25-март күнү чындыкка дал келбеген маалымат тараткан.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 344-беренеси (“Билип туруп жалган маалымат таратуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар