Кыргызстандыктарды сөккөн порно ишкер Даниэл Ажиев кармалды

Кыргызстандыктарды сөккөн порно ишкер Даниэл Ажиев кармалды

Порно ишкер катары таанымал ДаниэлАжиев кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Маалыматты  reporter.kg басылмасына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 30 жаштагы Даниэл Ажиев жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн ачык билдирүүсү үчүн кармалган. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу”) беренеси менен убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Социалдык тармакта Даниэл Ажиевдин  коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн жети дубанына 7 миллион сом таратканы тууралуу маалымат айтылган.  Муну далилдеген эч кандай тастыктама документ көрсөткөн эмес. Бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосун өзүнүн “Инстаграмм” баракчасына жарыяланган. Тасмадан анын алды арты караңгылатылган шевроле унаасы менен жүргөнүн да көрүүгө болот.

Интернет  колдонуучулары адегенде “Ажиевдин акча таратканы” үчүн ага ыраазычылык билдиришкен. Бирок анын вебкам-моделдердин студиясынын ээси экени айтыла баштаган соң ага карата ар кандай сөздөр айтылган. Кийин анын “Инстаграмм”  баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөккөн видеосу тараган.

Мындан сырткары анын Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековду сөккөн бир нече видеосу дагы тараган. Абжалиев болсо  президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>