Раззаков шаарында 115 жылдык мааракеге арналган айлампа пайдаланууга берилди

27.10.2025 | 15:53

Баткен облусунун Раззаков шаарына кооз айлампа курулду. Бул айлампа Раззаковдун 115 жылдыгына карата ачылып, стелла жана эс алуу бактары менен айланып курулду.

Шаардыктар жана коноктор асфальтталган жолдор менен айлампанын кооздугун байкап, кубанычтарын жашыра албай турушат.

Ошондой эле 115 жылдык мааракеге карата, айлампанын салтанаттуу ачылышы президенттин аймактагы өкүлү Айбек Шаменов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулуктун катышуусунда өтөт.

Айлампанын борборунда бийиктиги 20 метр болгон мунара жана Илек-илек кушунун элесин чагылдырат.

Мэр Адилбек Жоробаевдин жетекчилиги жана демөөрчүлүгү, вице-мэр Анвар Раззакбердиевдин жардамы менен, ошондой эле кыркка жакын Лейлектин жарандарынын колдоосу менен долбоор ишке ашты.

Бул айлампа – тынчтык жана ынтымакты символдоштурган, философиялык мааниси терең коомдук объект болуп калды.

Scroll to Top