Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Акматованын айтымында ооруну жуктуруп алган 14 адамдын жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан. 5 адам кичи ажылыктан келсе, 9 адам мурда жуктуруп алгандар менен байланышта болгон.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.