Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Бийик тоолуу аймактардагы калктуу конуштардын тизмеси бекитилди
28.10.2025 | 11:32

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы №692 токтому менен өлкөдөгү бийик тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын жаңы тизмеси расмий түрдө бекитилди.
Бул тизмеге Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы ондогон райондор кирген. Алардын катарына Алай, Ат-Башы, Ак-Талаа, Чоң-Алай, Жумгал, Кочкор, Жети-Өгүз, Тоң, Талас, Суусамыр сыяктуу бийик тоолуу айыл-аймактар бар.
Бийик тоолуу конуштардын статусу — ал жерлерде жашаган жарандарга кошумча социалдык жана экономикалык жеңилдиктерди (мисалы, жөлөкпул, салык жеңилдиктери жана эмгек шарттары боюнча артыкчылыктар) берүү үчүн маанилүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом