ЖМКларда Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылууда. ИИМ бул маалыматты төгүндөдү
Соцтармактарда жана айрым жергиликтүү ЖМКларда өткөн түнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат тарап жатат. Бирок эмненин негизинде тергөө иштери жүргүзүлгөнү так көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле тинтүү учурунда тартылган видео да тарап, анда Атазов укук коргоо кызматкерлерине өзүнүн спорттук сыйлыктарын көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов Reporter.kg’ге жарыяланган видео эски материал экенин, ал эми өткөн түнү Шайлообек Атазовдун үйүндө эч кандай тинтүү жүргүзүлгөн эместигин билдирди.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. Себеби катары ал 2024-жылдан тарта уюшкан кылмыштуу топ менен байланыштуу адам катары профилактикалык каттоого алынганы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, УКМК маалыматына караганда, ал 2024-жылдын 13-мартынан 29-ноябрына чейин өлкө аймагынан тышкары болгон.