ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Депутаттыкка талапкерлердин катталышы аяктады — БШК талапкерлердин санын атады
31.10.2025 | 10:07
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн талапкерлерди каттоо аяктады.
30-октябрь — Борбордук шайлоо комиссиясына документ тапшыруу үчүн акыркы күн болду.
БШКнын расмий маалыматы боюнча, 30 шайлоо округунан 589 жаран өз талапкерлигин көрсөткөн. Алардын ичинен 365 — эркек, 224 — аял.
Бүгүнкү күндө 168 талапкер расмий катталып, күбөлүк алышкан. Ошол эле учурда 19 жаран шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тарткан, ал эми жети адамга каттоодон өтүүгө уруксат берилген жок.
Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.