Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
БШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жетти
24.10.2025 | 09:51

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын саны 458ге жетти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо 30-ноябрда болот.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 миллион 287 миңден ашык адам кирген. Жарандар 30-октябрга чейин өзүнүн маалыматтарын тизмеден тактай алышат.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылары кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом