Бишкекте мектеп окуучулары массалык түрдө ууланды — тогуз киши ооруканага жеткирилди
Бишкектеги жеке мектептердин биринде массалык тамак-аштан уулануу катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 31-октябрда саат 22:30 чамасында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына көп сандагы бейтаптар катуу уулануунун белгилери менен — кусуу, ич өткөк жана ичтин катуу оорушу менен кайрылышкан.
Дарыгерлердин аныкташынча, жабыркагандардын баары түшкү саат 12:00дөн 13:00гө чейин мектеп ашканасында шаурма жешкен.
Жалпы 58 киши медициналык жардамга кайрылган, алардын 54ү — балдар, 4өө — чоңдор.
Тогуз адам (анын ичинде жети бала жана эки чоң киши) ооруканага жаткырылып, абалы тұруктуу деп бааланууда. Калган 49 киши амбулатордук дарылоого үйүнө жиберилген.
Бардык бейтаптарга ашказанды жууп-тазалоо жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн анализдер алынган. Ооруканага жаткырылгандар керектүү дары-дармектер менен камсыздалды.
Учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери окуянын чыгыш себептерин жана уулануунун булагын аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.