Чүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайыБүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилди
Евразия биримдигиндеги курулуш көрсөткүчтөрү: Кыргызстан эң жогорку темпти көрсөттү
04.11.2025 | 10:05

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалыматына ылайык, Кыргызстан курулуш көлөмүнүн өсүшү боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунду ээледи.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь–август айларында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жалпы курулуш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга өскөн.
Өсүш бардык өлкөлөрдө байкалган. Алардын ичинен:
- Кыргызстан — 45,3%,
- Армения — 27,7%,
- Казакстан — 18,1%,
- Беларусь — 9,6%,
- Орусия — 3,5% деңгээлинде өсүш катталган.
Белгилей кетсек, буга чейин да Кыргызстан 2025-жылдын январь–май айларында курулуш көлөмүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде эң жогорку көрсөткүчтү (1,9 эсе өсүш) көрсөткөн өлкө катары белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом