Муфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекиттиБишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат
04.11.2025 | 12:33

Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок бардык коммерциялык объектилердин ишмердүүлүгү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка караганда, мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардагы негизги көчөлөрдөгү кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана, ашкана, чачтарач, супермаркет, тез татым жайлары жана башка калкка кызмат көрсөткөн жайлар унаа токтотуучу жайы жок болсо жабылат.
Мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов алдын ала ишкерлер менен жыйын өткөрүп, аларга унаа токтотуучу жайларды уюштурууну талап кылганын белгиледи. Ал мындай чаралар шаарда унаа тыгындарын алдын алуу жана жоюу максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле, шаарда негизги көчөлөрдү текшерүү иши жакын арада баштала турганы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом