Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Кыргызстанда пландуу электр энергиясын өчүрүүлөр жок
04.11.2025 | 20:00

Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов өлкөдө электр энергиясын пландуу өчүрүү болбогонун билдирди. Анын айтымында, кээ бир райондордо гана чыңалуу маселелери, авариялык жагдайлар же көмөк чордондордун ашыкча жүктөлүшү учурунда электр өчүрүлүшү мүмкүн.
Ысманов жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгиледи. Ал кышында суунун көлөмү аз болгон Токтогул суу сактагычынын жана электр чубалгыларындагы авариялык кырдаалдардын алдын алуу зарылдыгын эскертти. Кышында энергия керектөөсү жайкы мезгилге салыштырмалуу эки-үч эсе көбөйөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом