Кыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат
Кыргызстан Доха шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде катышты
05.11.2025 | 15:02

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дохадагы Экинчи Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде сөз сүйлөдү.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, ал Кыргызстандын социалдык саясаттын үч негизги багыты – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук стратегиянын негизи экенин белгиледи.
Байсалов ошондой эле адам капиталына инвестиция салууну улуттук өнүгүүнүн башкы приоритети деп атады жана ИДП көрсөткүчү 2025-жылга карата болжол менен 3000 АКШ долларына жетерин билдирди. Саммиттин алкагында Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык саясат боюнча кызматташтыкты талкуулады.