Жол тескөөчүлөр аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

05.11.2025 | 16:32

Аба ырайынын туруксуз болушуна байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери республика боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Бул чара айдоочулар үчүн жолдо жүрүүгө коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жол тыгындарынын жана кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт.

ЖКККББ кызматкерлери унаа агымын жөнгө салып, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын текшерип, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды көрүүдө.

Айрыкча Бишкек–Нарын–Торугарт жана Бишкек–Ош багытындагы жолдордо, тоолуу ашууларда башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте күндө-түнү күзөт жүргүзүлүүдө.

ЖКККББ бардык айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, жол эрежелерин сактоого, ылдамдыкты чектөөгө жана унаанын техникалык абалына көңүл бурууга чакырат.

Scroll to Top