Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Суу май жыл башынан бери 22 сомго кымбаттады
05.11.2025 | 20:00

Ушул жылдын 1-январынан 5-ноябрга чейин 1 литр суу майдын баасы 22 сом 85 тыйынга кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Жыл башында бир литр суу майдын баасы орточо эсеп менен 159 сом 48 тыйынды түзгөн. Бүгүн, 5-ноябрга карата өлкөдө суу майдын орточо баасы 182 сом 33 тыйынды түздү.
Эң жогорку баа Жумгал районунун Чаек айылында катталган, анда 1 литр суу майдын орточо баасы 200 сом 22 тыйынды түзгөн. Ал эми суу май эң төмөнкү баада Балыкчы шаарында сатылат, анда суу майдын орточо баасы 164 сом 11 тыйынды түзөт.