Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерге электр жана энергияны үнөмдөө тапшырылды
Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик мекемелерде электр энергиясын үнөмдөө чараларын киргизүүдө.
Саат 18:00дөн 06:00гө чейин мекемелерге жарыкты жана электр шаймандарын колдонууну чектөө тапшырылды. Бул чаралар стратегиялык объекттерге жана сутка бою иштеген коргонуу, коопсуздук, медицина жана турмуштук маанидеги кызматтарга тиешелүү эмес.
Расмий эсептөөлөр боюнча, мындай үнөмдөө айына болжол менен 40 миллион киловатт саатка чейин электр керектөөнү кыскартууга мүмкүндүк берет.
Бул чечим электр энергиясын керектөөнүн өсүшү жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү менен байланыштуу. Азыр суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз.
Негизги максат — суу ресурстарын сактоо жана өлкөнүн энергетикалык тутумуна түшкөн жүктү азайтуу.