КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстанда кыш мезгилине байланыштуу кооптуу тоо ашуулар жабылууда
06.11.2025 | 19:00
Ат-Башы – Кынды – Торугарт автоунаа жолундагы Кында ашуусу убактылуу транспорт кыймылы үчүн жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, ашуу аркылуу жүрүүгө 2026-жылдын 1-апрелине чейин чектөө киргизилди.
Бул чечимдин себеби — кышкы мезгилде аба ырайынын начарлашы жана кар көчкү коркунучунун жогорулашы.
Жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун да жабуу күтүлүүдө. Эске сала кетсек, буга чейин кыш мезгилине байланыштуу Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура жана Сары-Кыр ашууларында да кыймыл чектелген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом