ЖК депутаттыгына мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров кармалды

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттыгына мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров кармалганын билдирди.
“ИИМ кызматкерлери тарабынан мурда уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т. К. М. аттуу жаран кармалды”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда Тайчабаров Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда Сокулук району боюнча №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан Кудрет Тайчабаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарап кеткен.
Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы аны “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Андан кийин соцтармактарда Кудрет Тайчабаров бул окуялар боюнча билдирүү жасаган видеосу тарап, анда ал: “Октябрь окуялары учурунда уюшкан топтун мүчөлөрү азыркы бийликти колдоп митингге чыгышкан, анда президент да уюшкан топтун мүчө болот”,- деп айткан.