Эми «Түндүк» аркылуу унаа каттоо жана кадастр уюмдарына онлайн кезекке турууга болот

Эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борборуна жана Кадастр системасындагы уюмдарга онлайн кезекке туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, эми жарандар өздөрүнө ыңгайлуу убакытты жана жайгашкан жерди тандап, «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке жазылып, белгиленген убакта эч кандай кезек күтпөстөн келе алышат.
«Түндүктө» борборлордо жана тиркемеде реалдуу убакыт режиминде келген жарандардын саны көрсөтүлүп, жарандар эң аз кезек күткөн борборду тандай алышат.
Ошондой эле бронирленген талондордун саны көрсөтүлүп, бул маалымат ачыктыгын жана ыңгайлуулугун камсыздайт.
Жаңы функциялардын киргизилиши күтүүнүн убактысын кыскартып, тейлөөнүн сапатын жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Эске салсак, буга чейин «Түндүк» тиркемесинде калктын тейлөө борборлоруна (КТБ) онлайн-кезекке жазылуу мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болгон.