10 айда 310 миллиард сомдон ашык. КСК жаңы рекорд койду
Учурдагы жылдын 10 айынын ичинде Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 310,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйнады. Ведомствонун маалыматы боюнча, план 104,3% га аткарылып, кошумча 12,7 миллиард сом чогултулган.
Өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда түшүүлөр 73,2 миллиард сомго көбөйүп, өсүү темпи 130,9% түздү.
Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Мирлан Рахманов бул көрсөткүчтөр салык тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун айгинелээрин белгиледи.
«Статистикага кайрылсак, 10 ай ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 243 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 66 миллиард сомго көп, өсүү 137% түздү. Мындан тышкары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да оң динамика байкалууда — 66 миллиард сомдон ашык каражат чогултулуп, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда 6,7 миллиард сомго жогору», — деп белгиледи ал.
Рахмановдун айтымында, кирешелердин өсүшү салык жүгүн көбөйтүү эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, санариптештирүү процесстерин ишке ашыруу жана ыктыярдуу салык төлөөнүн деңгээлин жогорулатуу аркылуу камсыздалган.
Мамлекеттик салык кызматында белгилешкендей, бул жыйынтыктар жүргүзүлүп жаткан реформалардын эффективдүүлүгүн жана өлкөнүн экономикасын чыңдоого, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган туруктуу салык системасынын өнүгүшүн тастыктайт.