Өзүн милиция кызматкери көрсөткөндөр Ошто ишкерден $30 миң талап кылышкан

11.11.2025 | 16:59

Ош шаарында милиция кызматкерлери болуп танышкан үч киши ишкерден ири суммадагы акча талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тергөөдө такталгандай, 10-октябрдан 11-октябрга караган түнү 57 жаштагы ишкердин үйүнө үч белгисиз адам келип, анын үстүнөн «мыйзамсыз жашырып жүрүү» боюнча арыз бар экенин айтышкан. Алар ишти козгоо жана кармоо менен коркутуп, 30 миң доллар талап кылышкан.

Корккон ишкер аларга 2 миң 500 доллар берип жибергенден кийин шектүүлөр качып кетишкен.

Бул факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Оперативдик иштердин жүрүшүндө милиция Ош облусунун тургундары — 35 жаштагы Ж.К., 34 жаштагы Ж.А. жана 39 жаштагы С.И.ни кармаган. Милициянын маалыматына караганда, алар ички иштер органдарына тиешеси жок.

Азыркы учурда иликтөө иштери уланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мүмкүн болгон башка жабырлануучуларды Сулайман-Тоо РИИБине кайрылууга чакырат.

Scroll to Top