Венесуэла АКШнын мүмкүн болгон чабуулуна каршы партизандык коргонуу планын даярдоодо

Венесуэланын бийлиги АКШнын мүмкүн болгон чабуулуна каршы аракеттенүү стратегиясын иштеп чыкты. Reuters агенттиги ички документтерге жана булактарга таянып билдиргендей, Николас Мадуронун режими эки сценарийди караштырууда: «узакка созулган каршылык көрсөтүү» жана көчөлөрдө «анархизмди күчөтүү».
Биринчи план боюнча, басып кирүү болгон учурда 280ден ашык мобилдик отряд түзүлүп, алар эски орус курал-жарактарын, анын ичинде «Игла-С» зениттик-ракеталык комплекстерин колдонуу менен диверсия жана саботаж иштери жүргүзүлмөкчү. Экинчи сценарийде атайын кызматтардын жана бийликтин куралчан тарапташтарынын жардамы менен шаарларда баш аламандык уюштуруу каралган, бул өлкөнү сырттан башкарууну кыйындатуу максатын көздөйт.
Маалыматта айтылгандай, Венесуэланын армиясы даяр кадрлардын жана заманбап курал-жарактын жетишсиздигинен алсырап турат, ошондуктан негизги көңүл партизандык ыкмаларга бурулган. Ушул шартта Николас Мадуро Орусия менен Кытайдан аскердик колдоо жана техника менен камсыз кылууга жардам сурады.
Каракас менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу Дональд Трамптын Венесуэлага сокку уруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирүүсүнөн кийин күчөгөн. АКШ Венесуэланын аскердик түзүмдөрүн баңгизат соодасына жана террордук топторду колдоого катышкан деп айыптоодо. Өз кезегинде Каракас Ак үйдүн аракеттерин өлкөгө каршы басып кирүү коркунучу катары баалоодо.
Санкциялар жана эл аралык изоляция Венесуэланын экономикасын терең кризиске кептеди, бул армияга болгон ишенимди төмөндөтүп, ички туруксуздукту күчөтүүдө.