Казакстанда массалык медиада ЛГБТны пропагандалоого тыюу салынууда

Казакстандын парламенти (Мажилис) коомдук жайларда педофилияны жана салттуу эмес сексуалдык орентацияны пропагандалаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу казак парламентинин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоор балдардын укуктары, жарнама, байланыш, маданият, билим берүү, кинематография жана массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдарды кошкондо, тогуз негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
“Өзүнчө бөлүмдө балдарды ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген контенттен коргоо чаралары каралган. Коомдук жайларда, ошондой эле ЖМК, телекоммуникациялык тармактар жана онлайн платформалар аркылуу педофилияны жана салттуу эмес сексуалдык орентацияны пропагандалаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат”, деп айтылат Мажилис тараткан маалыматта.
«Казинформ» парламенттин депутатына шилтеме жасап, ЛГБТ жамаатына таандык адамдарга тыюу салынбай тургандыгын, киргизилип жаткан нормалар мындай маалыматтарды коомдук жайларда жайылтууга чектөө киргизерин жазды.
Белгилей кетсек, буга окшогон мыйзам Кыргызстанда эки жыл мурун, 2023-жылы, кабыл алынган. Анда “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзамда “үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү” маалыматтарды таратууга тыюу салынган.
Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психологиялык жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган.