Ташиев: Жергиликтүү бийлик башчылары базарларга чыгып, эттин баасын көзөмөлдөшү керек

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери базарларга чыгып, эттин баасын көзөмөлдөшү керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал Регион телеканалына берген маегинде айтты.
Ташиев эттин баасына мамлекттик көзөмөл киргизилгенине карабастан, базарларда эт 800 сомдон 900 сомго чейин сатылып жатканын элден угуп, өзү да көрүп жатканын айтты.
Ал баалар Монополияга каршы агенттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көзөлдөнүшү керек экенин, алар буга кайдыгер карап жатканын айтып, катуу эскертүү берди.
“Мындан ары базардагы баалардын өсүшүнө жергиликтүү бийлик органдарынын жетечилери жооп бересиңер! Шылтоо болбойт. Эгерде кайсыл жерде эттин баасы 700 сомдон жогору болуп кеткен болсо, ошол жердеги аким, мэр, губернатор түздөн-түз жооп бересиңер”,- деп билдирди ал.
Ташиев жергиликтүү бийликтин жетекчилери кабинетте эле отура бербестен, элди аралап, базарга чыгышы, базар баасын көрүш керектигин айтты.
Эске салсак, буга чейин эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Андан кийин ал жыл аягына чейин узартылганы маалымдалган. Ага ылайык, 1 кг уй эти 680 сомго чейин, ал эми кой эти 690 сомго чейин сатылышы керек.