Ала-Букадагы эт саткан жайлар текшерилди

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда эт саткан соода күркөлөрүндө эттин баасына киргизилген чектөөнүн аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Текшерүүнү райондук акимдин биринчи орун басары М. Шербаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүздү.
Анда эттин баасына анализ жасалып, эттин баасын көтөрбөө тууралуу мораторийдин мөөнөтү жыл аягына чейин узартылганы маалымдалды.
Маалыматка ылайык, учурда Ала-Бука районунда кой этинин 1 килограммы 690 сомдон, уй эти 650 сомдон, ал эми жылкынын эти 650 сомдон сатылууда.
Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан Кыргызстандын аймагынан бодо малды жана кой-эчкини экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Ошондой эле эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Андан кийин ал жыл аягына чейин узартылганы маалымдалган. Бул чаралар эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында жасалган.