Репер Бакр Орусиянын аймагына киргизбей коюшканын билдирди

19.11.2025 | 14:39

Кыргызстандык репер Бакр аны Орусиянын аймагына киргизбей коюшканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактарына жазып чыкты.

Анын айтымында, 17-ноябрда ал командасы менен Орусияда уюштурулган тур боюнча Москва шаарына, Шереметьево аэропортуна конгон. Паспорттук көзөмөлдөн аны жалгыз өткөрүшкөн эмес, ошондой эле анын документтерин эч кандай түшүндүрмөсүз алып коюшкан.

“Үч саат күттүрүштү. Андан кийин мага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганы тууралуу билдиришти, бирок себептерин түшүндүрүшкөн жок. Мени күтүү бөлмөсүнө киргизип коюшту, андан соң Бишкекке кайтуу үчүн билет сатып алууга туура келди”,- деп билдирди Бакр.

Бакр Бишкекке келгенде «Орусияга кирүү укугунан баш тартылды» деген негизде чечимдин көчүрмөсүн беришкенин кошумчалады. Ал юристтерге кайрылып, мындан аркы укуктук иштер үчүн доо арыз даярдап жатканын билдирди.

Scroll to Top