Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен жолугуп, аны «Достук» ордени менен сыйлады

20.11.2025 | 18:28

Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан төрагалык кылып жаткан мезгилдеги артыкчылыктардын аткарылышын, аймактык коопсуздук маселелерин жана Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыкты талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн ЖККУнун алкагындагы кызматташтык тышкы саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, өлкөнүн коллективдик коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымын атады.

Өз кезегинде Имангали Тасмагамбетов Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде бардык пландалган иш-чаралар ийгиликтүү аткарылганын белгилеп, жогорку баасын берди. Ал ошондой эле кыргызстандыктардын демилгеси менен биринчи жолу өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Башкы катчы Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдык белгиленген тартипте жана жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтты.

Жолугушуунун акырында Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовду мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйлады.

Scroll to Top