Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна кызматтык унааларды тапшырды

21.11.2025 | 11:39

Бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарындагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 кызматтык автоунаа берилди. Унааларды медициналык кызматкерлерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалар борбордун нөөмөттүк бригадаларынын өз убагында чыгышын камсыздап, ыкчамдуулукту жана коопсуздукту жогорулатуу максатында берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев аталган борбордун жаңыланган аймагын да көрүп чыккан. Аянты 4 400 м² болгон борбордун айланасы толугу менен тазаланып, тегизделип, жаңы асфальт төшөлгөн, жарыктандыргыч орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.

УКМК төрагасы борбордун кызматкерлерин жаңы кызматтык унааларга ээ болушу менен куттуктап, дарыгерлерге жана бейтаптарга түзүлгөн шарттар калктын саламаттыгына көрүлгөн камкордук экенин белгилеген.

Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – өлкөдөгү алдыңкы медициналык борборлордун бири. Бул жерде жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, 15 миңге чейин ар кандай татаалдыктагы операция жасалат, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарык дүйнөгө келет.

Scroll to Top