Кыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалдыКыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон аштыБаткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталган
Манас районуна жаңы аким келди
21.11.2025 | 12:44

Бакытбек Сүйүнбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
43 жаштагы Бакытбек Сүйүнбаев буга чейин Сузак районунун акимдин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн.
Эске салсак, аталган кызматта Эрмекбай Омошев иштеп келди. Ал ушул жылдын 19-майында дайындалган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом