Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ноокатта мурдагы жетекчи кармалды — «Дженго» кылмыштуу тобун каржылоого шектелүүдө
21.11.2025 | 13:30
Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 49 жаштагы Г.Ш.М. атайын кызматтар тарабынан кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору кабарлайт.

Аныкталгандай, Г.Ш.М. өзүнүн тааныштары аркылуу «Ноокат универсал базар» ЖЧКдан түшкөн кирешелерди аталган кылмыштуу топту каржылоого багыттаган. Натыйжада, «Ноокат универсал базар» ЖЧКнын балансына катталган 14 276,28 чарчы метр жер участогу жана 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы, Г.Ш.М.га таандык болгону менен, мамлекеттик менчикке кайтарылды.
УКМКнын маалыматына караганда, кылмыш ишинин териштирүүсү улантылып, кылмыштуу топтун бардык катышуучулары жана каржылоо булактары аныкталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар