Путиндин Кыргызстанга сапары: Коопсуздук, АЭС жана «тигүү тармагында маселелер» – эмнелер талкууланат

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 25–27-ноябрда Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапары жылдын эң маанилүү саясий окуяларынын бири болору күтүлүүдө. Расмий билдирүүлөрдө экономикадан тартып гуманитардык кызматташтыкка чейин кеңири маселелер каралары айтылган. Бирок эксперттердин баамында, протоколдук формулировкалардын артында Кыргызстан жана жалпы аймак үчүн өтө маанилүү үч маселе турат: коопсуздукту бекемдөө, атомдук электр станциясын куруудагы бурулуш жана ЕАЭБ алкагында топтолгон курч көйгөйлөрдү чечүү.
Расмий күн тартиби
Президенттик администрациянын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип маалымдагандай, Владимир Путин Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келет. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралып, союздаштыкты тереңдетүүгө багытталган биргелешкен билдирүү жана бир катар документтерге кол коюлат.
Сапардын артындагы негизги маселелер
Сапардын чыныгы маңызы эмнеде? Бул боюнча өз көз карашын саясат таануучу Игорь Шестаков биздин редакцияга бөлүштү.

Коопсуздук — мамилелердин негизги тиреги
Эксперттин пикиринде, коопсуздук маселелери кыргыз-орус кызматташтыгынын эң башкы багыты бойдон кала берүүдө.
«Бул тенденция 90-жылдардан бери келе жатат. Ошондо Орусия биздин Куралдуу күчтөргө аскердик техникасын акысыз берип турган. ЖККУ линиясы боюнча да бир миллиард долларга жакын жардам көрсөтүлгөн, аны да негизинен Орусия берген», — дейт Шестаков.
Ал Москва КМШнын түштүк чек араларынын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алышарын бир нече жолу билдиргенин, аймактан чыккан коркунучтар али да жоголо элек экенин, буга 2022-жылдын январындагы Казакстандагы окуялар далил болгонун белгилейт.
«Бүгүнкү күндө Борбор Азияда эки орус аскер базасы бар — Тажикстанда жана Кыргызстанда. Ошондуктан регионалдык коопсуздукту камсыздоо маселелери жана бул процесстердеги Орусиянын ролу сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири болот», — деп белгилейт саясат таануучу.
Энергетика
Эксперттин айтымында, экинчи стратегиялык маанилүү тема — энергетика. Электр энергиясынын курч тартыштыгы ишкерлер үчүн да чектөөлөрдү жаратып жаткан учурда, АЭС куруу долбоору өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
«Орусия Кыргызстанга энергетикалык кризисти чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр. Атомдук электр станциясын куруу дал ошол жол. “Росатомдун” өкүлдөрү бир нече жылдан бери Кыргызстанда иштеп келатышат, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Электр болбосо, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз да боло албайт», — дейт эксперт.
Экономика: “тигүүчүлөр маселеси”
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү ишине карабастан, акыркы убактарда ЕАЭБ алкагында бир катар олуттуу көйгөйлөр жаралды. Саясат талдоочунун айтымында, бул маселелер да президенттер деңгээлине чыгарылат.
«Албетте, сөз тигүү тармагы тууралуу болуп жатат. Евразиялык интеграциянын флагмандары болгон биздин тигүү фабрикалары бүгүн Орусия рыногуна продукция жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Балким, бул маселе президенттер деңгээлинде каралат», — деп болжолдойт Шестаков.
Миграция жана “жумшак күч”
Кадимкидей эле, күн тартибинде миграция маселеси калат. Айрыкча “Крокус Сити Холл” окуясынан кийин Орусия мыйзамдарын күчөткөндө, бул маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына түздөн-түз таасир этти.
Мындан тышкары, эксперттин пикиринде, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү да талкууланат: тогуз биргелешкен мектеп куруу, КРСУнун өнүгүүсү жана орус тилин колдоо маселелери көтөрүлөт.
Эске салсак, бүгүн, 25-ноябрда, Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жеке жолугушуусу пландалган. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр 26-ноябрда өтүп, анда тараптар соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтыкты, билим берүү, саламаттык сактоо жана миграция маселелерин талкуулашат.
Ал эми 27-ноябрда Бишкекте ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Ага Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат.