Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдар
Жаш мугалимдер 90 миң сом ала алышат. Бул үчүн эмне керек?
27.11.2025 | 19:00
Бишкекте жаш мугалимдер үчүн «Жаш мугалимдин депозитти» аттуу конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Катышууну каалагандар 2025-жылдын 5-декабрына чейин райондордун билим берүү башкармалыктарына арыз тапшырып, дипломунун көчүрмөсүн жана мектеп директорунун ходатайствосун кошо бериши керек. Талапкер сөзсүз түрдө 2025-жылы ЖОЖ бүтүргөн бүтүрүүчү болушу зарыл.
— 9-декабрда конкурсунун биринчи этабы – милдеттүү тестирлөө өтөт;
— 11-12-декабрда экинчи этап – маектешүү жүргүзүлөт.
Конкурстун жыйынтыгында болгону 100 талапкер тандалат. Алар «Жаш мугалимдин депозитти» программасына катышуу аркылуу болжол менен 90 миң сом ала алышат.