Батыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — Лавров
Батыш Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө ким менен мамиле курууну таңуулоого аракет кылууда, деп билдирди Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Кытайга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында.
Ал Борбордук Азияда «кызыктуу геосаясий күрөш» жүрүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, батыш өлкөлөрү аймакта «өз эрежелерин» орнотууга жана бул мамлекеттердин жашоосун кантип уюштуруу керектигинде негизги ролду ойноого умтулушууда.
«Ушул эле көрүнүш, балким, анча байкалбаса да, Түштүк Кавказда да байкалууда», — деп баса белгиледи Сергей Лавров.
Эске салсак, 6-ноябрда Вашингтондо «Борбордук Азия — АКШ» саммити өткөн. АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө аймактагы беш өлкөнүн — Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен жолугушкан.
Саммит эки тараптуу экономикалык келишимдердин чоң пакетине кол коюу жана Казакстандын Авраам келишимдерине (Ибрахим келишимдерине) кошулуусу менен аяктады.
Бул мындай форматтагы экинчи жолугушуу, буга чейинкиси 2023-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өткөн.