Кыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдар

15.04.2026 | 17:15

Вашингтондо Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен АКШнын Экспорт-Импорт банкынын (EXIM Bank) президенти Джон Йованович эки тараптуу каржылык кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Өкмөттүн маалыматында, жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өткөн.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Кыргызстандын акыркы беш жылдагы экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берген. Джон Йованович банктын АКШнын финансылык-кредиттик саясатындагы ролу тууралуу билдирип, кызматташтыкты орнотууга даярдыгын айткан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча диалогду улантууну макулдашышкан.

Маалымат үчүн: Кошмо Штаттардын Экспорт-Импорт банкы (EXIM) америкалык экспортту колдоого багытталган федералдык агенттик болуп саналат. Банктын портфелинин жалпы көлөмү 2025-финансы жылына карата 34,8 млрд АКШ долларын түзгөн.

Scroll to Top