Коопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууланды

15.04.2026 | 17:58

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде, ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту, деп билдирет мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Анын маалыматы боюнча, жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин буга чейин кабыл алынган чечимдерин аткаруунун жана 2026-жылга карата иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, аймактык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле бар болгон жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу чара көрүү контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун аягында Орозбеков конструктивдүү иштөөгө жана ЖККУнун потенциалын жана беделин бекемдөөгө активдүү көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, Масадыковго уюмдун жаңы дайындалган башкы катчысы катары ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.


Scroll to Top