Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө

30.11.2025 | 10:52

Бүгүн, 30-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагындагы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү пункту жана чет өлкөлөрдөгү 100 шайлоо участоктору ишин баштап, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Энергетиктер күчөтүлгөн тартипке өттү

Шайлоо күнү добуш берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн энергетика кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык:

  • 1 243 энергетик күнү-түнү нөөмөттө турат,
  • 383 ыкчам топ түзүлдү,
  • Атайын техника, нөөмөттүк унаалар жана авариялык жабдуулар толук даярдалды.

Көйгөйлөр жаралса кайрылуучу байланыш номерлери:
1209, 105, мобилдик: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp: 0702 001209.

Добуш берүү чет өлкөлөрдө да активдүү жүрүүдө

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун билдирүүсүнө ылайык, добуш берүү алгач Россиянын чыгыш аймактарында Бишкек убактысынан 4–6 саат эрте башталды. Андан кийин:

  • Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголияда,
  • убакыт айырмасы 1–3 саат болгон башка мамлекеттерде добуш берүү башталды. Түндүк Америка өлкөлөрүндө участоктор Бишкек убактысынан 11–14 саат кеч ачылат.

Кыргызстанда биринчи жолу алдын ала арызсыз аралыктан добуш берүү

Быйыл өлкө тарыхында алгачкы жолу шайлоочулар алдын ала арыз бербестен аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул 27 атайын участок:

  • ири базарларда,
  • соода борборлорунда,
  • аэропорттордо,
  • медициналык мекемелерде,
  • тергөө абагында,
  • ошондой эле Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак сыяктуу алыскы объектилерде жайгашкан.

Бул ыкма жумушта, жолдо же дарыланууда жүргөн жарандарга добуш берүүгө шарт түзөт.

Шайлоочулардын тизмеси жана талапкерлер

БШКнын маалыматына ылайык, акыркы шайлоочулар тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.

Шайлоого жалпы 460 талапкер катышууда, анын ичинен:

  • 271 – эркек,
  • 189 – аял.

Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан 3 депутат шайланып келет. Жогорку Кеңеште жалпы 90 депутаттын орду бар.

Шайлоо алдындагы жана шайлоо күнкү уюштуруу иштери

29-ноябрда участокко келе албаган жарандар үчүн жайдан тышкаркы добуш берүү уюштурулган. 1 332 УШКга 10 335 арыз келип түшүп, 9 318 шайлоочу добуш берди.

Шайлоо күнү коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкө боюнча 14 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Мыйзам бузууларды социалдык тармактардан көзөмөлдөө үчүн тажрыйбалуу топтор иштеп жатат.

Шайлоо процесси

  • Шайлоо тилекелери саат 20:00гө чейин иштейт.
  • БШК шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматты ар эки саат сайын түз эфирде жаңыртып турат; сайтта маалымат саат сайын жаңыланат.
Scroll to Top