БШК: Саат 14:00гө карата 815 766 адам добуш берди

30.11.2025 | 14:47

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 14:00гө карата шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү 19,00 % түздү. Бул көрсөткүч боюнча 815 миң  766 адам добуш берди.

Округдар боюнча катышуу көрсөткүчү төмөнкүчө:

Эң жогорку катышуу:

  • № 1 (24,5 %),
  • № 30 (24,33 %),
  • № 13 (24,32 %).

Эң төмөн катышуу:

  • № 20 (12,28 %),
  • № 24 (13,01 %),
  • № 11 (14,28 %).

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров добуш берүүгө катышуунун төмөн көрсөткүчү Бишкек шаарындагы төрт округда экенин айтып, шаар тургундарын активдүү добуш берүүгө чакырды.

Маалымат иретинде: Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 млн 294 мтң 243 жаран киргизилген, ал эми добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.

Scroll to Top